Жети-Өгүз районунда билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы өттү.

Жети-Өгүз районунда билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы өттү.

Билим АКИpress - 2017-жылдын 5-июнунда Жети-Өгүз районунун Ж.Чабалдаев жана С.Сыдыков атындагы мектептердин базасында билим берүү кызматкерлеринин райондук спартакиадасы болуп өттү.

Адегенде спартакиаданын аймактык туру өткөрүлүп, аймактык турдун жыйынтыгы боюнча 1,2,3 орунду ээлеген командалар райондук турга катышышты. Спартакиада аймактык турдун жеңүүчү командаларынын парады менен башталды. Командалар спорттун беш түрү боюнча күч сынашты.

Билим берүү кызматкерлери арасында волейбол, тогуз коргоол, шахмат, теннис жана мини-футбол оюндары боюнча таймаш өткөрүлдү.

Жалпы командалык жыйынтык боюнча 1-орунду Э.Кендирбаев атындагы, 2-орунду С.Сыдыков атындагы, 3-орунду А.Арстакеев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептери ээлешти.

Райондук мугалимдердин спартакиадасы абдан кызыктуу болуп, аягында Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Билим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук профсоюз комитетинин дипломдору менен сыйланышты. Жеңген командаларга областтык спартакиадага катышууга жолдомо берилди.



Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up