Бишкектин мэри жана ООНдун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү мектеп тамак-ашын алдыга жылдыруудагы кийинки кадамдар тууралуу талкуулашты

Бишкектин мэри жана ООНдун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү мектеп тамак-ашын алдыга жылдыруудагы кийинки кадамдар тууралуу талкуулашты

Билим АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясында мэр Албек Ибраимов менен КРдагы ООНдун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөндүгүн 21-июнда борбордук муниципалитеттин пресс-кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жолугушууда шаар мектептеринде мектеп тамак-ашын алдыга жылдыруудагы кийинки кадамдар тууралуу талкууланды.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов визити үчүн ООНдун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди жана борбордук муниципиалитет менен ВПП ООНдун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КРдагы ООНдун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Рам Сараванамутту №64 мектеп-гимназиясында ысык тамак-аш берүү долбоорун пилоттоо боюнча чоң иштер жасалгандыгын жана долбоордун ийгилигин эске алып, аны андан ары да улантып, Первомай районундагы пилоттук долбоор катарында тандалып алынган 9 мектептин базасында ишке ашыруу зарыл экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тамак-аш уюштуруунун 3 модели сунушталды — социалдык, толук кандуу ысык тамак берүү жана борбордоштурулган жана борбордоштурулбаган рациондорун өндүрүү варианттары.

Жолугушууга ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, билим берүү Башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрманова, ВПП ООН программасынын жетекчиси Надежда Франк, мектеп тамак-ашы боюнча ВВП ООН программасынын адиси Лира Дуйшебаева, мектеп тамак-ашын репликациялоо боюнча ВВП ООН программасынын адиси Жыпара Эргешбаева катышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up