Октябрь районунда мектеп алдындагы лагерлердин катышуучулары арасында спартакиада өтүүдө

Билим АКИpress - Октябрь районунун аймагындагы №88 орто мектебинде мектеп алдындагы лагерлердин катышуучулары арасында спартакиаданын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Ага №63МГ, №№88,56, 62, 64 орто мектептеринин окуучулары катышышат. Мелдеш спорттун беш түрү - пионербол, жеӊил атлетика, футбол, дартс, кыймылдуу оюндар боюнча өтөт.

Спартакиада мектеп алдындагы лагердин катышуучуларын сергек жашоого үндөө, ден соолукту бекемдөө жана райондун мектептеринде спорттун түрлөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Байгелүү орундарды алган командалар муниципалдык администрация тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.Маалымат: Октябрь районундагы беш мектепте лагерь ачылып, 720 бала эс алууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up