«Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр борбору хореография мугалимдери үчүн республикалык мастер-класс өткөрөт

«Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр борбору хореография мугалимдери үчүн республикалык мастер-класс өткөрөт

Билим АКИpress - «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору 27-июндан 3-июлга чейин Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында, Ала-Тоо эс алуу үйүндө хореография боюнча «Бийде жан дүйнө бар» аттуу мастер-класс өткөрөт.

Бул мастер-класска областтык, шаардык жана райондук мектептерден тышкаркы мекемелерде иштеген педагог-хореографтар, ошондой эле мектептердин айрым педагогдору катышат. Республикалык мастер-класс «Ыйман, маданият жана тарбия жылына» арналган.

Бул иш-чара салттуу түрдө Билим берүү жана илим министрлиги менен «Сейтек» Улуттук Балдар жана өспүрүмдөр борбору тарабынан өткөрүлөт. Акыркы жылдарда мастер-класс республика педагогдорунун арасында популярдуу болуп калды, көптөгөн каалоочулар катышууга өтүнмө беришет. Ош, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустарынан бардыгы болуп 400дөн ашуун окутуучулар келишет.

Мастер-класстын программасында параллелдүү түрдө «Балдардын жайкы эс алуусу» өтөт.

Мастер-класстын программасы:
- Теплоходго түшүү
- Ысык-Көл жээгиндеги спорттук эстафеталар
- Кумга сүрөт тартуу жана хан-сарайларды куруу сынактары
- Катышуучулардын концерттик программасы
- Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» тарыхый маданий борборуна чыгуу.

Мастер-классты өткөрүүгө катышат:
Сатыбалдиев Эрнест Какенович – Б.Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин хареография кафедрасынын доценти.
Токтогазиев Адилет – К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториясынын режиссура хареографиясы кафедрасынын окутуучусу.
Акыбаева Аина Кенешбековна – балет артисти, «Ак-Ниет» Элдик хареографиялык ансамблинин жетекчиси.
Чилетиров Жаныбек Джээнбаевич – «Жаш Кыял» Элдик үлгүлүү ансамблинин жетекчиси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up