Фото — Аламүдүн районунун Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинде аттестаттарды тапшыруу аземи өттү

Билим АКИpress - 2017-жылдын 24-июнунда 11-класстарынын окуучуларына жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарды тапшыруу аземи болду. Бул салтанаттуу аземге Аламүдүн билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Узденова, Таш-Дөбө айыл кеңешинин төрагасы Т.Омуров, ИДН А.Дыйканова, КРнын «Ардактуу инсандар» коомдук бирикмесинин Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча жетекчиси Т.Итигулов, «Азамат+» жана Pro.kg программаларынын Чүй облусу боюнча координатору Сагындыков Марат Арстанбекович жана өкүлү Апсатаров Мирлан Абдукаимович жана ата-энелер катышышты.

Салтанаттуу аземди мектептин директору Р.Бегалиева куттуктоо сөзү менен ачты.

«Азамат+» жана Pro.kg програмаларынын өкүлдөрү М.Сагындыков жана М.Апсатаров ЖРТда мектеп ичинде эң жогорку упай алган 3 окуучуга, мектептин ОТИ боюнча директордун орун басары М.Сагындыкова, биология мугалими В..Певченко, 11а классынын класс жетекчиси С.Батырбекова, 11в классынын класс жетекчиси А.Чылманбетовага акчалай сыйлык тапшырышты:
1. 11а классынын окуучусу Э.Бессонная 199 упай – 7000 сом;
2. 11в классынын окуучусу А.Таирбекова 192 упай - 5000 сом;
3. 11а классынын класс жетекчиси А.Ботоева 192 упай - 3000 сом;
4. Завуч М.Сагындыкова - 1000 сом;
5. Биология мугалими В.Певченко – 1000 сом;
6. А.Батырбекова 11а кл.класс жетекчиси – 1000 сом;
7. А.Чылманбетова 11в классынын класс жетекчиси – 1000 сом.

КРнын «Ардактуу инсандар» коомдук бирикмесинин Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча жетекчиси Төлөбек Итигулов бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, андан кийин мектеп директору Р.Багалиеванын эмгегин белгилеп, «Ардактуу инсандар» коомдук бирикмесинин «Эл сүйгөн жетекчи» деген наамын ыйгарып, төш белги менен сыйлады. Ошондой эле мектептин музыка мугалими Ш.Давыдовго “Ардактуу инсандар” коомдук бирикмесинин «Ардактуу ак сакал» деген наамын ыйгарып, төш белги менен сыйлады.

Жыл бою спорттон, окуудан жана башка сынактардан жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен окуучулар жана активдүү ата-энелер ардактуу грамоталар менен сыйланышты.
Бүтүрүүчүлөргө арналган мектеп парламенти тарабынан дайындалган чакан концерттик программа уюштурулду.

Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап 11-классынын класс жетекчилери слайд-шоу көрсөтүштү.
Бул азем бүткөндөн кийин ИДН А.Дыйканова ата-энелерге түшүндүрүү ишин жүргүзүп, окуучулардын өмүрүнө, коопсузудуга кам көрүшүн эскертти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up