«Ден-соолук -2017» спартакиадасында БГУнун окутуучулары 3 алтын медалга ээ болуп, 1-орунду алышты

«Ден-соолук -2017» спартакиадасында БГУнун окутуучулары 3 алтын медалга ээ болуп, 1-орунду алышты

Билим АКИpress - 2017-жылдын 24-29-июнь күндөрү Ысык-Көлдө КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Жаштык» массалык спорт жана ден-соолукту чыңдоо борбору тарабынан «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Республикалык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары арасында өткөрүлгөн «Ден-соолук -2017» спартакиадасы болуп өттү.

Бул иш чарага Бишкек гуманитардык университетинин курама командалары катышып, 40 жашка чейинки окутуучулар ортосунда өткөрүлгөн футбол оюну боюнча алтын медаль, 40 жаштан жогорку окутуучулар арасында футбол оюну боюнча алтын медаль, кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча алтын медаль тагынышса, стол үстүндөгү теннис оюну боюнча 3-орунду ээлеп, өздөрүнүн спортто да мыкты экендигин көрсөтүштү.

Жогорудагыдай жыйынтыктар Бишкек гуманитардык университетинде спорт тармагы да ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up