Талас облусундагы Өзгөрүш айылынын 9-классынын окуучусу Дүйнөлүк почта союзунун дилбаяндар сынагына катышат

Билим АКИpress - Бишкек шаарында Эл аралык жаштардын эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын республикалык этабынын жеңүүчүлөрү сыйланышканы тууралуу Билим берүү министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Өлкөнүн бардык региондорунан 7 миңден ашуун окуучулар «Сен БУУнун жаңы Башкы катчысынын кеңешчиси экениңди чагылдыр. Сен ага биринчи иретте кайсы глобалдык маселени чечкенге жардам бермексиң? Ал чечим кабыл алууда кандай кеңеш бермексиң?»

«Терроризм темасы, тынчтык жана куралсыздандыруу маселеси, глобалдык жылуулук, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо, билим берүү, коррупция жана анын кесепеттери, экология чагылдырылды», - деп белгиледи «Кыргыз почтасы» МИсинин башкы директору Таалайбек Эшалиев.

Сынакта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын У.Акынбеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Аида Курманкулова жеңишке жетишти.

2-орунду Талас облусунун Талас районундагы Балбал атындагы орто мектебинин окуучусу Асылай Токтогуловага ыйгарышты.

3-орунду Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №1 Т.Балтагулов атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу Нураида Эгембердиева ээледи.

Сынак 46-чы Эл аралык жаштардын эпистолярдык жанрдагы дилбаян сынагы алкагында Дүйнөлүк почта союзунун камкордугунда өттү. Ар жылы сынакка дүйнөнүн 190 өлкөсү катышат. Кыргызстандагы уюштуруучулары КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда «Кыргыз почтасы» МИси менен БУУ (ЮНИСЕФ) Балдар фонду болду.

Сынактын республикалык этабынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу байгелер тапшырылды. Республикалык деңгээлдеги жеңүүчүнүн дилбаяны дүйнөлүк масштабдагы сынакка катышуу үчүн Берн шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк почта союзунун Эл аралык бюросуна жиберилет.

 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up