Өзбекстан Ошто мектеп салат

Өзбекстан Ошто мектеп салат

Билим АКИpress - Ошто Өзбекстан тарабынан каржыланган 630 орундуу жаңы заманбап мектептин курулушуна даярдыктар көрүлүп баштады. Бул тууралуу 11-июлда Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мектептин курулуш ордуна барып келди. Сапардын алкагында шаар башчысы мектептин курулушун баштаган Ташкент шаарындагы ООО «Трест-12» курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын достук мамилесинин өнүгүшү үчүн мектептин курулушунун маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

«Ош шаарынын мэриясы шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринен жалпы аянты 1,11 га болгон жер участогун бөлүп берди. Долбоорго ылайык, курулуштун жалпы аянты 3851 м2 түзөт. Бул маанилүү жана керектүү иш биздин элдерди мындан да көбүрөөк бириктирет жана эки элдин достугун, өз ара түшүнүүсүн жана өз ара колдоосун бекемдөөдө жалпы келечегин курууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи шаар башчысы.

Долбоордун документтерине жараша, жаңы заманбап мектеп бардык зарыл болгон нерселерге ээ болот: актылык жана спорт залдарына, эмгек бөлмөсүнө, дарыгер бөлмөсүнө, ашканага жана жайкы спорт комплексине ж.б. көптөгөн нерселерге.

Ошондой эле үч кабаттуу имараттын ар бир кабатында лабораториялар жана устакана бөлмөлөрү бар болот.

Иштин жүрүшүндө 1936-жылы курулган №18 мектеп-гимназиясынын эски авариялык абалдагы имараты демонтаждалып, азыркы учурда курулуш иштеринин башталышына даярдыктар жүрүүдө.

 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up