Ысык-Көлдүн айылдык окуучулары жайында Караколдун эмгек биржасында иштешсе, Эмгек министрлиги балдар эмгегинин зыяндуулугу тууралуу эскертет

Ысык-Көлдүн айылдык окуучулары жайында Караколдун эмгек биржасында иштешсе, Эмгек министрлиги балдар эмгегинин зыяндуулугу тууралуу эскертет

Билим АКИpress - Ысык-Көлдүн айылдык окуучулары жайында Караколдун эмгек биржасында иштешет. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин сөзүнөн белгилүү болду. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп катары зыян болгону үчүн балдардын эмгегине тыюу салынарын эскертти.

«Каракол шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен иш менен камсыз кылуу борборунун кызматкери тарабынан Каракол шаарынын эмгек биржасына чыгуу сапары уюштурулган. Текшерүү учурунда жашы жете электердин иштөөсү табылган жок, табигый эмгек рыногунун кызматкерлери менен болгон маектешүү процессинде кез-кезде аймактардан келген жашы жете элек балдар ата-энелери менен биргеликте иштеше тургандыгы ачыкталды», - деп билдиришти Эмгек министрлигинен.

Министрлик ошондой эле иш менен камсыз кылуу борборунун кызматкерлери тарабынан жума сайын эмгектин табигый рыногунда вакансиялар тууралуу кулактандыруулар илинип, буклеттер таратылары жана жумушка орношуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп турарын кабарлады.

«Мындан тышкары, Каракол шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен Каракол шаарынын КИИ ИИОнун инспекциясы, Каракол шаарынын мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек балдардын иштөөсүн табуу боюнча рейддер жүргүзүлөт. Бул жерлерден табылган фактылар боюнча шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери жана мамлекеттик экотехинспекциясынын эмгек боюнча инспектору тарабынан балдардын эмгеги, биринчи кезекте, ден соолугуна, иштин айынан мектепке барбай же таштап салгандыктан, билимине таасир этип, баланын келечегине терс таасирин тийгизери тууралуу ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», - деп жооп беришти министрликтен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up