«Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими» наамына 2017-жылы ким ээ болду (тизме)

Билим АКИpress - «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 12-июль күнү мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

«КРнын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамы ыйгарылды:

- Акунова Анаркүл Курманбековнага – Ысык-Көл облусунун Түр районундагы К.Уметалыев атындагы орто мектебинин география жана биология мугалими;

- Алыбаева Айсалкын Бузурманкуловнага – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы С.Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинин англис тили мугалими;

- Бекболиев Жумакадыр Жашасыновичке – Чүй облусунун Москва районундагы К.Сыйданов атындагы орто мектебинин география мугалими;

- Бекмурзаева Асылканга – Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районундагы О.Атабекова атындагы №30 инновациялык мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;

- Берикбаев Сейдекматка – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору;

- Бондарева Надежда Михайловнага – Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаев орто мектеп-гимназиясынын математика мугалими;

- Боронбаева Замира Мукамбетовнага – Бишкек шаарындагы №88 жалпы орто билим берүү мектебинин география мугалими;

- Давлеталиева Анар Мамырбековнага – Талас облусунун Кара-Буура районундагы М.Чалданбаев атындагы орто мектебинин биология мугалими;

- Жунушалиева Сыйнатка – Нарын облусунун Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

- Кочкоров Атамырзага – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №69 профессионалдык лицейинин тарбиячы-мугалими;

- Мадаминов Ганыр Маматкуловичке – Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясынын директору;

- Маматкулов Абдувахидке – Жажал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы А.Атамов атындагы №12 мектептин математика мугалими;

- Маматова Гулжан Нийматовнага – Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 гимназиянын математика мугалими;

- Матанова Света Апендеевнага – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.Пушкин атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

- Матураимова Калбү Божоевнага – Ош облусунун Өзгөн районундагы А.Тангатаров атындагы №14 жатак-гимназиянын физика мугулими;

- Мухарова Зубайде Лихузаевнага – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы В.Ленин атындагы орто мектептин директору;

- Нуралиева Мухаббат Кадыровнага – Ош облусунун Араван районундагы М.Саид атындагы №2 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;

- Өмүракунова Шайыргүлгө – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиянын немис тили мугулими;

- Өмүрова Канымжан Жусупбековнага – Бишкектеги №68 окуу-тарбиялык комплекси мектеп-гимназиянын директору;

- Рахматова Сапияхан Ашировнага – Баткен шаарындагы В.Ленин атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

- Сейдилканов Орозалиге – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун автордук мектеп-гимназиясынын директору;

- Турганбаева Нурилага – Нарын облусунун Кочкор районундагы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектептин химия мугалими;

- Уваркин Евгений Васильевичке – Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы №2 орто мектептин директору;

- Федорова Ирина Владимировнага – Бишкектеги Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык комплекси мектеп-гимназиясынын математика мугалими.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up