Китепканалардагы ачык билим берүү ресурстары майыптар, сокурлар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да жеткиликтүү

Билим АКИpress - «Китепканалык-Маалыматтык Консорциум» ассоциациясы «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Китепкана ыйгарым укуктуу уюм жана ачык билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк борбору: бардыгы үчүн бирдей жеткиликтүүлүк» доолбору алкагында 2017-жылы 17-18-июлдарда К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар үчүн Республикалык китепканада семинар-тренинг өткөрдү.

Семинарга Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы 7 пилоттук китепканалар менен Кыргызстандагы сокурлар жана дүлөйлөр үчүн адистештирилген китепкананын IT-адистери катышты.

Семинар-тренингдин максаты — басма-сөз маалыматтарын кабылдоодо көйгөйлөрү бар (сокурлар жана чала көргөндөр) адамдарга жардам көрсөтүү үчүн китепканачыларды иш ыкмаларга үйрөтүү.

Долбоордун негизги максаты — майыптар жана көрүүсү начар адамдар үчүн маалыматтык материалдарга жетүүдө комплекстүү мамилени калыптандыруу. Долбоор пилоттук китепканаларда адистештирилген жумуш орундарын түзүүгө, программалык камсыздоону орнотууга жана маалыматтар базаларын жеткиликтүү форматтарда калыптандырууга багытталаган.

Пилоттук китепканалар техникалык жабдуулар, ресурстарды санариптөө үчүн жана китептерди, документтерди, окуу куралдарын ж.б. угузуу боюнча нускамалар жана усулдук материалдар менен камсыз болот.

Семинарда төмөнкү маселелер каралды:
- Теңдиктүү укуктарды жана билимдер менен маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн автордук укук жаатындагы эл аралык реформалар;
- Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды маалыматтык камсыздоо үчүн китепкана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- Басылмаларды санариптөө ж.б.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up