№13 мектеп-гимназиянын окуучулары Грециядагы World Scholars Cup дүйнөлүк мектеп олимпиадасына Кыргызстандын атынан чыгышууда (фото)

Билим АКИpress - Азыркы учурда Афины шаарында (Греция) англис тили боюнча World Scholars Cup дүйнөлүк мектеп олимпиадасы өтүп жатат. Аталган олимпиада бүткүл дүйөнүн мектептери арасында өтүүдө.

Билим Акиpress сайтына 20-июлда катышуучулардын биринин атасы билдиргендей, Кыргызстандын атынан №13 мектеп-гимназиясынын окуучулары Кантемир Муратов, Анель Кенжебаева жана Александр Коротенко чыгышат.

Анын маалыматына караганда, командалардын чыгуусу «адам жана коом», «астрономия», «социология» ж.б. ар кандай багыттар боюнча дебат түрүндө англис тилинде жүргүзүлүүдө.

Грециядагы олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө АКШдагы Йель шаарында боло турган финалдык дүйнөлүк олимпиадага катышуу укугу берилет.

«Менин уулум Кантемирдин командасы англис тилиндеги дебаттарда Кыргызстандын атынан жана №13 мектеп-гимназиянын атынан чыга турган жалгыз команда», - деп билдирди катышуучу Уланбек Джураевдин атасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up