С. Жээнбеков иш сапарынын алкагында Таластагы бала бакчанын курулуш иштери жана мектептин абалы менен таанышат

С. Жээнбеков иш сапарынын алкагында Таластагы бала бакчанын курулуш иштери жана мектептин абалы менен таанышат

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда.

Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт башчы Талас облусуна барат. Ал инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Тактап айтканда, премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалын, Талас районунун Жон-Арык айылындагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү жана Кара-Буура районуна караштуу Коргон-Сай айылындагы орто мектептин абалын көрөт. Мындан сырткары Өкмөт башчы ички жолдордун абалы жана Талас районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков, жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусуна барып, Ала-Бука районундагы Иштамберди участкасында жайгашкан «Фулл голд майнинг» алтын өндүрүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эртен, 25-июлда, Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы ички жолдордун абалы, айыл чарба объектилери, социалдык жана инфраструктуралык курулуш тармактарынын ишмердүүлүгүн көрүп чыгат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up