Ошто 5-класстарга англис тилинен сабак берген мугалимдер үчүн квалификациясын жогорулатуу курстары башталды

Билим АКИpress - Ошто 5-класстарга англис тилинен сабак берген мугалимдер үчүн квалификациясын жогорулатуу курстары башталды, - деп билдирди 25-июлда Ош шаарынын билим берүү институту.

Анын маалыматы боюнча, азыр Ош шаарындагы Алай жана Араван райондорунун мугалимдери үчүн курстар өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, сентябрдан баштап Кыргызстанда англис тили жана информатика сабактары боюнча окуу сааттарынын саны көбөйөт. Курстар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо институту тарабынан уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up