Фотобаян – Ысык-Көл облусунда жайында малчылардын 200дөн ашуун балдары өнүгүү жайлоо-борборлорунда алектенишүүдө

Фотобаян – Ысык-Көл облусунда  жайында малчылардын 200дөн ашуун балдары өнүгүү жайлоо-борборлорунда алектенишүүдө

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун ар бир районунда 2017-жылы балдардын жайлоодогу (жайкы жайыттардагы) өнүгүү борборлору уюштурулуп, иштеп жатат. Эскерте кетсек, жайлоо-бала бакчаларын ачуу демилгеси экс-президент Роза Отунбаевагатаандык.

Облустук билим берүү институтунун маалыматы боюнча, бул борборлордо жайында балдары менен чогуу жайыттарга чыга турган малчылардын жана айыл жашоочуларынын балдары алектенишет.

«Р.Отунбаеванын фонду балдар үчүн китептерди, зарыл болгон окуу куралдарын берет. Мындан тышкары, фонд жайлоо-борборлорго ар түрдүү мастер-класстарды өткөргөн, балдарга чет тилдерди үйрөткөн, спорттук оюндарды жана мелдештерди өткөргөн, экология жана айлана-чөйрө тууралуу билим берген адистер менен волонтерлорду жиберет», - деп айтып беришти Билим АКИpress сайтына облинституттан.

Ал жактан ошондой эле жайлоо-борборлорго балдарды медициналык кароодон өткөргөн дарыгерлердин атайын бригадалары келишерин айтышты. «Борборлордо педагогикалык ыкмаларга таянып, балдардын ар тараптуу өнүгүшү менен алектенген райондук жана облустук өнүгүү борборлорунун тажрыйбалуу педагогдору иштешет. Ошентип, биздин борборлордо балдар кыймылдама оюндарды ойношот, аппликация менен иштегенди үйрөнүшөт, кыздар бисер токуу менен алек болушат. Мастер-класстар ошондой эле иштебеген ата-энелерге өткөрүлөт. Алар үчүн сабактар абдан пайдалуу болуп чыга келет», - деп билдиришти облустук билим берүү мнститутунан.

Ошентип, Жети-Өгүз районунда «Улар», «Ананайка», «Арча» жана «Келечек» өнүгүү жайлоо-борборлору иштейт. Түп районунда «Каркыра», Ак-Суу районунда - «Алтын балалык», Тоң районунда - «Наристе» жана Ысык-Көл районунда - «Улахол» борборлору иштейт. Бардыгы болуп 218 бала.

 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up