Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 9 мектепте жана 3 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 9 мектепте жана 3 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 9 мектепте жана 3 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, - деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма-сөз кызматы.

Ак-Суу районунун билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жаикандай эле, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана донорлордун эсебинен да жүрүп жатат.

Республикалык бюджеттен райондун мектептеринин учурдагы оңдолуп-түзөлүүсүнө 1 млн 379 миң сом бөлүнгөн. Оңдоп-түзөөгө тендер жана курулуш материалдарын жабдуу мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу мыйзамга ылайык өндүрүлгөн.

Ошондой эле 3 бала бакчасы оңдолуп-түзөлүүдө.

Бардыгы болуп Ак-Суу районунда 35 мектеп жана 14 бала бакча иштейт.

Азыркы тапта капиталдык оңдоп-түзөө толук түрдө жүрүп жатат. Райондун окуу жылына болгон даярдыгы 85% түзөт, - деп маалымдашты Билим берүү жана илим министрлигинен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up