Фото - Көл жээгинде кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын кызматкерлери арасында спартакиада болуп өттү

Билим АКИpress - Ыйман, адеп жана маданият жылына жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 75 жылдык мааракесине карата Ысык-Көл облусунун Кош Көл айылындагы 23-жолу №85 кесиптик лицейдин базасында кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спартакиадасы өткөрүлдү.

Спартакиаданы уюштуруу жана аны өткөрүү милдетин дене тарбия жана спорт боюнча республикалык «Эмгек резерви» борбору алган.

Спартакиада атайын түзүлгөн жана бекитилген Жобого ылайык өткөрүлөт. Жобого ылайык Спартакиаданын программасына спорттун жети түрү киргизилген. Алар: мырзалар жана айымдардын катышуусундагы волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол оюндары жана мырзалар арасындагы ордо жана кичи футбол оюндары.

Быйылкы спартакиадага уюштуруу комитетинин төрагасы болуп агенттиктин директору Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович, калыстар курамынын башкы калысы катары спартакиаданын ачылышынан баштап, жыйынтыгына чейин «Эмгек резерви» борборунун директору, спорттун кармашып кулатуу оюну боюнча дүйнөнүн чемпиону Эралиев Улан Токтомушевич өздөрү болушту.

Спартакиаданын ачылыш аземи жогорку уюшкандыкта башталды. Жети дубандын жана Бишкек шаарынын курама командалары өздөрүнүн командасына тандалган спорттук кийимдери менен колдоруна көтөргөн желектерин желбиретип, шаӊдуу музыканын коштоосунда параддан өтүштү.

Куттуктоо сөзүн агенттиктин директору Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович алып, жыйырма үчүнчү Спартакиаданы ачык деп жарыялап, быйылкы жылдын маанисин, кесипкөйлөрдүн спортту даӊазалаган бул мелдешинин тарбиялык жагын баса белгилеп, катышуучуларга ийгилик, жеӊиш каалады.

Спартакиаданын катышуучуларын №85 кесиптик лицейдин директору Орозбекова Асыл Кызайбековна, «Кесипке багыт» гезитинин башкы редактору Жуманалиев Элдияр Асылбекович, Таластагы №110 кесиптик лицейдин директору, кесиптик билим берүү тармагынын ардагери Абыкеев Капар Сатыбалдиевич куттукташты.

Салтанаттуу иш чарага карата уюштурулган атайын программа менен №85 кесиптик лицейдин өнөрпоздорунун, Ысык-Көл районунун Асыл Кызайбековна баштаган ак элечек апаларынын аткаруусундагы ырлары жана бийлери болду.

Спорттун бардык жети түрү боюнча командалар арасында кызыктуу мелдештер болду.

Спортсмендерди өз убагында тамктандыруу, ыӊгайлуу шарт түзүп берүү жоопкерчилигин №85 кесиптик лицейдин жамааты алган.

Спартакиаданын облустар боюнча курама командаларынын ээлеген орду:

 

 

 

Командалары

Спорттун түрлөрү

упайлар

орундар

 

 

Стол тенниси

Шахмат

Аркан-тартыш

Кичи футбол

Тогуз-коргоол

Ордо

Волейбол

(айымдар)

Волейбол

(эркектер)

 
     

 

1.

 

Бишкек

3

5

6

2

8

4

2

6

36

VI

 

 

2.

 

Баткен

7

1

7

4

4

8

5

8

44

VII

 

 

3.

 

Джалал-Абад

6

4

1

6

2

5

6

2

32

IV

 

 

4.

 

Ысык-Көл

2

6

5

1

3

2

7

8

30

II

 

 

5.

 

Нарын

8

8

8

5

7

7

4

7

54

 

VIII

 

 

6.

 

Ош

4

2

3

7

6

3

1

1

27

I

 

 

7.

 

Талас

1

7

4

8

5

1

3

5

34

V

 

 

8.

 

Чүй

5

3

2

3

1

6

8

3

31

 

III

 

Ошентип, көл жээгиндеги кесиптик билим берүүнүн 23 спартакиадасынын жыйынтыгы менен жеӊүүчүлөр тандалды. Спартакиаданын жабылыш аземине кайрадан командалар тизилишип, жеӊүүчүлөргө кубоктор жана дипломдорду башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович баштаган жетекчиликтин өкүлдөрү салтанаттуу маанайда тапшырышты.

Жеӊүүчүлөр менен эстеликке сүрөткө түшүүлөр болуп, тележурналисттер тасмага түшүрүштү. Кесиптик билим берүү тармагынын кызматкерлери спорттук таймашты көӊүлдүү эс алуу менен айкалыштырышты.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up