Мамлекеттик сатып алуулар. Окуу жайлар тендер боюнча эмнелерди сатып алышат

Билим АКИpress - Кыргызстандагы бардык мамлекеттик уюмдар, анын ичинде билим берүүчү, товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча сынактарды өткөрүшү керек. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылат.

Ошентип, кесиптик лицейлер, билим берүү бөлүмдөрү жана башкалар сынак өткөрүүгө милдеттүү. Мисалга, 1-августта Боо-Терек айылында жайгашкан №41 кесиптик лицейи аталган сайтка сынак аркылуу окуу-чыгымдалуучу материалдарды 17 миң сом суммасында, ошондой эле чарба буюмдарын 10 миң сом суммасында сатып алуу ниети жөнүндө жарыялаган.

Ак-Чий айылындагы Абдыш Рахимов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 2,3 миң сомго товарларды жана кызматтарды сатып алуу пландары тууралуу жарыялады, ал эми Ош медициналык колледжи 43 800 миң сомго компьютерлер үчүн тетиктерди сатып алуу калоосу тууралуу жазды.

Токмок шаарынын балдар музыкалык мектеби 31-июлда класстарды оңдоп-түзөө үчүн чарба буюмдарын 41 миң сом суммасында сатып алуу пландары туурасында кабарлаган. Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хареографиялык окуу жай мекемеси 1 млн 907 миң 266 сомго тамак-аш продуктуларын сатып алгысы келет. Ал эми ОшМУ «КЕЛЬТРАН» Кьельдаль ыкмасы менен азот жана белокту аныктоо боюнча комплексин болжол менен 360 миң сомго сатып алуу калоосу тууралуу жарыялаган.

Москва райондук билим берүү бөлүмү, мисалы, 31-июлда Москва районундагы билим берүү мекемелери үчүн 2017-жылдын 2 жарым жылдыгына тамак-аш продуктуларын 2 млн 599 миң 808 сомго сатып алуу ниети тууралуу кабарлаган. Мамлекеттик сатып алуулар сайтында билим берүү мекемелери үчүн сатып алына турган продуктулардын тизмеси көрсөтүлгөн.

Араван райондук билим берүү бөлүмү мектептери үчүн нан азыктарын, пилоттук жана тоо-кен мектептери үчүн тамак-аш продуктуларын 5 млн 629 миң 959 сом суммасында сатып алуу пландары тууралуу жарыялады.

Сынактар тууралуу маалыматтар аталган сайтка күнүгө жайгаштырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up