Араб шейхинин акчаларына Кыргызстанда 20 мектеп салынды

Араб шейхинин акчаларына Кыргызстанда 20 мектеп салынды

Билим АКИpress - Мусулман жаштарынын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын башчысы, араб шейхи Саид Баюми 2017-жылы Кыргызстанда 4 мектептин курулушун каржылап жатат. Бул тууралуу «Булан институт» бирикмесинин докладында айтылат.

Билим берүү жана илим министрлигинде 3-августта аталган докладды талкуулоонун жүрүшүндө Министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыканов уюмдун бөлгөн каражаттарына республикада 20 мектеп салынганын билдирди.

«Мектептер салынды. Мен өзүм алардын биринде Кызыл-Кыяда болуп келдим. Ал жакта бир кабаттуу заманбап мектеп курулду. Курулушка буйрутманы жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюму берет», - деп маалымдады К.Шадыканов.

Анын сөзү боюнча, бул мектептерде сабактар Кыргызстандын окуу пландары жана стандарттары боюнча өтүлөт. «Ал жакта биздин мугалимдер биздин балдар үчүн сабак беришет. Ал жакка чет тараптан өзүнүн окуу планы менен эч ким келбейт. Арабдар бизге имаратты гана белек кылышты. Биз аларга мектеп куруп беришкендиги үчүн «рахмат» айтышыбыз керек. Бул жалпы билим берүүчү жарандык мектептер», - деп белгиледи чиновник.

«Курулуш боюнча ассамблеянын менеджери Шумкарбек Курсановдун «Булан институтка» берген маалыматына ылайык, 2017-жылы 4 мектептин курулушу Кең-Булуң айыл округунун Чолпон айылында, Ноокат районунун Кайранач айылында, Кызыл-Кыя шаарында жана Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында жүрүп жатат», - деп билдирди «Булан институттун» жетекчиси Чолпон Орозобекова.

Тегерек столдун жүрүшүндө ошондой эле «Мусулман жаштарынын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы» уюмун жетектеген шейх Саид Баюми Кыргызстанда 200гө жакын мечит кургандыгы, ал эми акыркы жылдары социалдык объектилерди: мектептерди жана ФАПтарды курууга киришкени белгилүү болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up