Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда салттык жана интерактивдик оюндар боюнча сынак өткөрүлдү

Билим АКИpress - «Ыйман, тарбиялоо жана маданият жылынын» алкагында 2017-жылы Кыргызстанда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Ноокат районундагы жайлоолордогу Өнүктүрүү борборлорунда кыргыздардын салттык жана интерактивдик оюндар боюнча мелдешткр өткөрүлдү.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өттү:

• Жомокторду сахналаштыруу;
• Кыргыз элдик оюндары;
• Достук, өз ара сыйлоочулук, кутман коңшулашуу жана толеранттуулук темалары боюнча ар кандай чеберчилик иштери.

Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду тарабынан DFID, КРдагы Улуу Британия элчилигинин Ага-Хан фонду менен биргеликте каржылоосу менен «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо, элдик оюндарды изилдөө аркылуу балдарды маданиятка тартуу, эрте жаштагы балдардын билимдерин жана көндүмдөрүн ар кайсы улуттардын жана этностордун өкүлдөрү менен өз ара толеранттуулуктун негиздери боюнча калыптандыруу.

Сынакка Баткен облусундагы жана Ош облусунун Ноокен районундагы Жайлоодогу Өнүктүрүү борборлорунун 3 жаштан 13 жашка чейинки балдары катышты.

Сынактын жыйынтыктары 2017-жылдын 20-августунда жарыяланат.


 






Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up