ЖРТда эң жогорку орточо упайды бишкектиктер, эң төмөнкү упайды Ош облусундагы Араван районунун бүтүрүүчүлөрү алышты

ЖРТда эң жогорку орточо упайды бишкектиктер, эң төмөнкү упайды Ош облусундагы Араван районунун бүтүрүүчүлөрү алышты

Билим АКИpress - 2017-жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку орточо упайды бишкектиктер, ал эми эң төмөнкү упайды Ош облусундагы Араван районунун бүтүрүүчүлөрү алышкан. Мындай маалыматтар менен Билим АКИpress сайтына 9-августта Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бөлүштү.

ЖРТны өткөргөн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өлкө боюнча, ар бир район боюнча жана Кыргызстандын чоң шаарлары боюнча орточо упайларды эсептеп чыгышты. 2017-жылы ЖРТда орточо упай 117,8ди түздү. 2016-жылы орточо упай 115,4кө барабар болгон. Былтыркы жылы ЖРТны 52 миң 39 бүтүрүүчү тапшырган болсо, 2017-жылы тестирлөөгө 48 миң 449 абитуриент катышты.

Шаарлар жана райондор боюнча маалыматтарга ылайык, жогорку упайларды бишкектик мектептердин окуучулары алган. Ошентип, Бишкектеги Ленин районунун бүтүрүүчүлөрүнүн алган орточо упайы — 124,9, Октябрь районунда — 136,9, 1-май районунда — 136,8. Бишкек шаары боюнча орточо упай — 134.

Бишкектен кийин упайлардын саны боюнча Ысык-Көл облусунун Каракол шаары 129,4 упайы менен, андан кийин Талас 128,6 упайы менен турушат. Алардын артында Токмок (125,1), Балыкчы (123,4), Майлуу-Суу шаары (121,6), Жайыл району жана Кара-Балта шаары (120,9), Жалал-Абад менен Көк-Жаңгак (туура 120) турушат.

Эң төмөнкү орточо упай Ош облусундагы Араван районунун абитуриенттеринде — 99,3. Ошондой эле антирейтингге Ош облусунун Өзгөн, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондору киришти. Ал жактарда орточо упай тиешелүү түрдө 105, 105,5 жана 107,4тү түздү.

Нарын облусунун Жумгал районунда да төмөнкү упайларды алышты. Ал жакта орточо упай 107,7ни түздү. 107,9 — Баткен облусунун Кадамжай району боюнча орточо упай. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда орточо упай 108,8ди түздү. 108,7 упайды Талас облусунун Бакай-Ата районунда алышты. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району ошондой эле талап кылынган 110 упайга жете алган жок — район боюнча орточо упай 109,6. Кочкор району боюнча орточо упай 109,4тү түздү.

Кыргызстандын башка бардык райондору менен шаарлары — рейтингдин ортосунда. Аларда орточо упай 110дон 120га чейин.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up