Чүй облусунда 2017-жылы 8 ай ичинде 3 бала бакча ачылып, жыл аягына чейин дагы 14 бала бакчанын ачылышы күтүлүп жатат

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов 1-сентябрда Чүй облусунун жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы №8 орто мектепте Билим күнүнө карата өткөн салтанатуу иш чарага катышты.

Биринчи-вице-премьер-министр акыркы жылдары Чүй облусунда билим берүү тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, 2017-жылдын 8 ай ичинде 3 бала бакча ачылып, жыл аягына чейин дагы 14 бала бакчанын ачылышы күтүлүп жатканын кошумчалады.

«Чүй облусунда билим берүү тармагында жылыштар болууда. Мисалы, 2016-2017-окуу жылы Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 15 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, Чүй облусу республика боюнча 3 — орунга жетти. Ошондой эле, 2016-2017-окуу жылында 11-классты 6357 окуучу аяктап, алардын ичинен 6 окуучу Алтын сертификаттын ээлери болду», - деди Толкунбек Абдыгулов.

Соңунда биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов келечек – билимдүүнүкү, илим-билимге умтулган элдики экенин айтып, окуучуларга бакыт-таалай, чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up