Илимдер академиясынын экс-президенти өзүнүн Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакчанын карамагына берди

Илимдер академиясынын экс-президенти өзүнүн Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакчанын карамагына берди

Билим АКИpress - Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын экс-президенти Абдыганы Эркебаев өзүнүн туулган күнүндө, 1-сентябрда, Чоң-Алай районундагы өзүнүн туулган айылына бала бакчаны жабдуу үчүн жергиликтүү айыл өкмөтүнө өзүнүн 5 бөлмөлүү үйүн берди.

Билим АКИpress сайтына жергиликтүү жашоочулар билдиришкендей, мурдараак айылда бала бакча болгон эмес. 2017-жылдын 1-сентябрында салтанаттуу линейкада Эркебаев 40 сотых болгон үй менен жердин документин жергиликтүү мектепке өткөрүп берди.

«Бул үйдү биздин айылдашыбыз Абдыганы Эркебаев өзү куруп, ар жылы жайында эс алганы келип турчу, бирок акыркы жылдары ал дээрлик келбей калган. Кээ бирөөлөр бул үйдү сатып алгысы келчү, а Эркебаев өзүнүн үйүн биздин балдарга берүүнү чечти. Үйдө 5 бөлмө бар, биз жакшы бала бакча болот деп ойлойбуз», - деди Кара-Тейиттин жашоочусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up