Фото – Бишкектеги Аскер институту менен лицейинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган митинг болуп ѳттү

Билим АКИpress - Бүгүн, 2017-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн аскердик билим берүү системасында, Куралдуу Күчтѳрдүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтанант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунда жана Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган митинг болуп ѳттү. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөр Генералдык штабынын  башкармалыгы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндѳ Куралдуу Күчтѳрдүн аскер институтунда 291 курсант окуйт, алардын 98 курсанты – биринчи курстагылар.

Аскер институтундагы митингге институттун жетекчилиги жана окутуучулар курамы, ошондой эле, курсанттардын ата-энелери, жакындары катышты.

Ушундай эле митинг Кыргыз улуттук аскер лицейинде да ѳттү, бирок андагы бир ѳзгѳчѳлүк - биринчи курстун курсанттарынын жоктугу болду.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги мурда билдиргендей, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы кыргыз Улуттук лицейинде 2017-18-жылдарда окуу процессин масштабдуу реформалоо белгиленген.

Лицейдеги реформалоо окутуунун сапатын жогорулатуу, окутуу жана тарбиялоо процесстерин оптималдашыруу, окуу мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдѳ. Ушуга байланыштуу Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук лицейине 2017-18-жылдарга лицейчилерди кабыл албоо чечими кабыл алынган.

Белгиленген ѳзгѳртүүлѳрдүн чегинде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык, жалпы билим берүү сабактарынын саатын кѳбѳйтүү; офицерлердин жана окутуучулардын кызматтарына алууну сынактын негизде ѳткѳрүү; окутуу-тарбиялоо процессин, тарбиялануучулардын шартын жана маданий эс алуусун жакшыртуу; лицейдин педагогдоруна айлык акы тѳлѳѳнү кайра карап чыгуу жана башка кѳптѳгѳн максаттар каралууда.

Мындан сырткары, лицейисттердин жаш ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша тарбиялоо ишине да зор кѳңүл бурулуп, балдар психологдорунун кызматтары кѳбѳйтүлүп, лицейдеги балдар кружокторунун саны артат.

Дагы бир белгилей кетүүчү жаңылык – лицейге тапшыруу жашынын жогорулатылышы, башкача айтканда, жалпы билим берүү мектебинен толук эмес билим алуусу, 9-классын аяктагандыгы жѳнүндѳ күбѳлүгү менен абитуренттерди кабыл алуу. Ошону менен, лицейге быйыл тапшырууну каалагандар бул укуктан пайдалана алышат, мындайча айтканда, ѳздѳрүнүн күчүн 2018-жылдын жайында сынап кѳрѳ алышат. Ошону менен лицейисттердин бүтүрүп чыгуу мүмкүнчүлүктѳрү сакталат.

Митинг лицейисттердин ѳз күчтѳрү менен даярдалган театралдашкан кѳрсѳтүүлѳр жана концерт менен аяктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up