Өзгөн районунун 96 мектебинде Билим күнү белгиленди

Билим АКИpress - 2017-жылдын 1-сентябрь күнү Өзгөн районундагы жалпы билим берүүчү 96 мектепте «Билим күнү» салтанаттуу майрамы болуп өттү. «Билим күнү» аземине райондук мамлекеттик администрациядан, айыл өкмөттөн, райондук ички иштер бөлумүнөн, райБББнын аппаратынан атайын буйрук менен бөлүнгөн кызматкерлер мектептердеги салтанатка катышып келишти.

Быйылкы жаңы 2017-2018-окуу жылынын 1- сентябрь күнүнө карата жалпы окуучулардын саны – 39 000, анын ичинен 0-класска (даярдоо) келген окуучулардын саны - 2900, 1-класска келген окуучулардын саны – 4100.

Салтанаттуу чогулуштан кийин 1-4-класстардын окуучуларын «Мен Кыргызстанда жашайм», 5-7-класстын окуучуларына «Мен үчүн билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуу деген эмне?», 8-11-класстын окуучулары үчүн «Өлкөбүздүн жаңы багытта өнүүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет» деген темалардын айланасында тарбиялык сааттар өткөрүлүп, окуучулар жакшы маанайда үйлөрүнө таркашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up