«Ордендүү ОшМУ» студенттерди Билим күнү менен куттуктады

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университети жаңы окуу жылынын ачылышына арналган салтанаттуу жыйында окуу жайдын босогосун алгач ирет аттап жаткан студенттерди Билим күнү менен куттуктады.

Салтанаттуу аземде ОшМУнун ректору Каныбек Исаков быйылкы жаңы окуу жылы менен удаалаш келген майрамдар менен куттуктады.

Жаңы окуу жылынын алгачкы күндөрүндө университеттин жамааты үчүн кут болуп келген Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 30-августтагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Указынын менен тааныштырды жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн ОшМУ «Даңк» ордени менен сыйлангандыгын, бул сыйлык жалпы жамааттын эмгегине берилген баа, сый экендигин белгиледи.

Ошондой эле Билим күнүнө арналган жаңы 2017-2018-окуу жылына карата кайрылуусу менен тааныштырды. Кайрылууда 2016-2017-окуу жылындагы университеттин ийгиликтери боюнча маалымат берилди жана жаңы окуу жылына карата алдыга коюлган төмөнкүдөй максаттар айтылды.

«Жаңы окуу жылында университетте билимдин сапатын көтөрүүчү иш-чараларды күчөтөбүз, адистиктерди көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү жана анын талаптарына шайкеш келүүчү иш-чараларды жасайбыз, бардык факультеттерде санариптик жана виртуалдык лабораторияларды түзүүнү баштайбыз, эл аралык байланыштардын мейкиндигин жана инвестицияларды тартуунун көлөмүн кеңейтебиз, көп тилдүү билим берүүчү, эл аралык статусу бар адистиктерди ачууну улантабыз, мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү иштерге басым жасайбыз, тарбиялоо системасын улуттук нарк насилге, улуттук рухий баалуулуктарга ылайык жүргүзүүгө терең маани беребиз, ушул окуу жылын «Таза коом» программасына ылайык «Адамдык мамилелерди өркүндөтүү жылы» деп жарыялайбыз, студенттик интеллектуалдык клубдун ишин жандандырабыз, «Таланттар академиясын» түзөбүз, ачык санариптик билим берүүгө багыт алабыз, онлайн сабактарды өндүрүшкө киргизебиз», - деген сыяктуу бир топ мерчемдүү иш аракеттер камтылгандыгын ректор Каныбек Исаков өз сөзүндө белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө сөзгө чыккан ардагер окутуучулар, факультеттин декандары студенттерди татыктуу билим алуу менен көп тил билип, тарбиялуу болуп, Ата Мекенге ак кызмат кылган адистердин катарын толуктоого чакырды.

Белгилей кетсек, Билим күнүнө арналган мындай жыйындар университеттин бардык окуу корпустарында да болуп, анда ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковдун кайрылуусу окулду. Учурда бардык факультет, колледж, лицейлерде окуу процесси башталды.

Университеттин башкы имаратында уюштурулган жыйынга математика жана маалыматтык технологиялар, физика-техника, Кыргыз-Европа, искусство, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up