Ош облусундагы 528 мектептин ичинде кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдүү мектептер да бар

Ош облусундагы 528 мектептин ичинде кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдүү мектептер да бар

Билим АКИpress - 2017-2018-окуу жылында Ош облусундагы райондордо 528 жалпы билим берүүчү мектептер иштеп, 2017-жылдын 1-сентябрына карата 217 миң 885 окуучу мектептерге кабыл алынды.

Анын ичинен: Алай районунда 54 мектеп, Араван районунда 54 мектеп, Кара Суу районунда 131 мектеп , Кара-Кулжа районунда 55 мектеп, Ноокат районунда 113 мектеп, Өзгөн районунда 95 мектеп, Чоң-Алай районунда 17 мектеп , Өзгөн шаарында 8 мектеп жана облустук У.Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей мектеп-интернаты келечек муундарга тарбия-таалим беришүүдө.

2017-2018-окуу жылда облустагы 528 жалпы билим берүүчү мектептердин ичинен: 423 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 14 мектепте орус тилинде, 18 мектепте өзбек тилинде, 19 мектепте кыргыз-орус тилдеринде, 20 мектепте кыргыз-өзбек тилинде, 11 мектепте орус-өзбек тилинде, 22 мектепте кыргыз-орус-өзбек тилинде, 1 мектепте кыргыз-тажик тилинде жүргүзүлүүдө.

Облустагы 528 мектептин ичинен: 90 мектепте окутуу 1 нөөмөттө, 423 мектепте 2 нөөмөттө, 15 мектепте 3 нөөмөттө жүргүзүлүүдө.

Облустагы 528 мектептин ичинен: лицейлер - 10, гимназиялар - 13, мектеп–комплекси - 4, инновациялык багыттагы мектептер – 13, мектеп-интернаттар – 11, жеке менчик мектептер -5.

Мындан сырткары, 8 балдардын чыгармачыл борборлору(БЧБ), 1 балдардын билим берүү борбору (БББ), 8 балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене тарбия боюнча клубу (ДЮКФП) иштейт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up