Ош облусунда 333 бала бакча бар

Ош облусунда 333 бала бакча бар

Билим АКИpress - Ош облусунда 2017-2018-окуу жылынын 1-сентябрына карата балдар бакчаларынын саны 333 жана аларга мектепке чейинки курактагы 30 миң 442 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Ош Билим берүү институтунун директору Г.Турдубаева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Алай районунда 25 балдар бакча, Араван районунда 49, Кара Суу районунда 87, Кара-Кулжа районунда 38, Ноокат районунда 73, Өзгөн районунда 44, Чоң-Алай районунда 14, Өзгөн шаарында 3 балдар бакчасы ийгиликтүү иштеп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up