Ош облусундагы мектептерде 897 миң 480 окуу китептери жетишпейт

Ош облусундагы мектептерде 897 миң 480 окуу китептери жетишпейт

Билим АКИpress - Ош Билим берүү институтунун директору Г.Турдубаева Билим АКИpress сайтына маалымдагандай, Ош облусунун билим берүү мекемелеринде 2 млн 338 миң 712 даана окуу китептери бар, облус боюнча окуу китептери менен камсыз кылуу 77,7%ды гана түзөт. Бул 2016-2017-окуу жылы ичиндеги маалымат. Жаңы маалыматтар 2017-жылы сентябрь айынын аягында берилет.

Облус боюнча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуу китептери менен камсыз кылуу — 77,9% (1 млн 796 миң 500 китеп).

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуу китептери менен камсыз кылуу — 86,4% (173 миң 387 китеп).

Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуу китептери менен камсыз кылуу 74,3% (366 миң 979 китеп).

Окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектепте окуу китептери менен камсыз кылуу 72,5%.

Райондор боюнча:

Алай районунда – 64,5%
Араван районунда – 70,1%
Кара-Суу районунда – 80,3%
Кара Кулжа районунда – 87,2%
Ноокат районунда – 97%
Өзгөн районунда – 83,8%
Чоң-Алай районунда – 62,8%
Өзгөн шаарында – 71,2%

Облус боюнча 22,3% (897 миң 480 даана) окуу китептери жетишпейт.

Анын ичинен:

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде — 22,1% (143 аталыштагы 507 миң 837 китеп жетишпейт)
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде — 13,6% (146 аталыштагы 190 миң 596 китеп жетишпейт)
Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде — 25,3% (141 аталыштагы 195 миң 927 китеп жетишпейт)
Окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектепте — 27,5% (153 аталыштагы 3120 китеп жетишпейт).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up