Ош облусунун 41 мектебинде бир да компьютер жок

Ош облусунун 41 мектебинде бир да компьютер жок

Билим АКИpress - Ош Билим берүү институтунун директору Г.Турдубаева Билим АКИpress сайтына маалымдагандай, облустагы мектептерди компьютерлер менен камсыз кылуу 102,6%ды түзөт. Облустун 528 жалпы билим берүүчү мектептеринин ичинен 487 мектепте компьютердик техникалар бар, ал эми 41 мектепте бир да компьютер жок. Бул 2016-2017-окуу жылы ичиндеги маалымат. Жаңы маалыматтар 2017-жылы сентябрь айынын аягында берилет.

Ош областындагы мектептеринин компютердик техникалар менен камсыз болушу жөнүндө маалымат


Район

5-11-клок.саны

(ОШ-1)

Керектелүүчү

компьютер саны.(25 балага 1 комп)

Мектептер

дегибардык

жарактуу компьютерлер

Жетишпеген компьютер

лердин, саны

Бир да компью

тери жок мектеп

тердин саны

Саны

%

1

Алай

7999

320

372

116,2%

70

2

2

Араван

12292

492

430

87,3%

150

2

3

Кара-Суу

33390

1335

1471

110,0%

210

14

4

Кара-Кулжа

9330

372

350

94,0%

22

4

5

Ноокат

25793

1031

1293

125,0%

120

12

6

Өзгөн

20512

820

640

77,0%

185

7

7

Чоң-Алай

3373

134

172

128,0%

110

0

8

Өзгөн ш.

5821

232

109

49,2%

179

0

9

Салиева

555

22

25

113,6%

20

0

 

Жалпы

118510

4736

4862

102,6%

1066

41

Облус боюнча баланын санына жараша эсептегенде компьютер менен камсыз кылуу 102,6% болгону менен, анын ичинен эски үлгүдөгү компьютерлерди эсепке албаганда 1066 даана жаңы үлгүдөгү компьютерлер керек. Облустагы 41 мектептеги бир да компьютердин жоктугу өкүнүчтүү маселе болуп саналат.


 



 




Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up