Бүгүн Нырын облусу боюнча «Жыл мугалими» аныкталат (облустар боюнча жеңүүчлөрдүн тизмеси)

Бүгүн Нырын облусу боюнча «Жыл мугалими» аныкталат (облустар боюнча жеңүүчлөрдүн тизмеси)

Билим АКИpress - Нарын шаарында К.Жакыпов атындагы мектептин базасында 12-сентябрда областтык «Жыл мугалими» сынагы өтүүдө.

Иш-чара эрте мененки саат 10до башталып, болжол менен 18:00дө аяктайт. Ошондо «Жыл мугалими» номинациясынын жеңүүчүсү белгилүү болот, - деп билдирди Билим АКИpress комиссиянын төрагасы Сейтек Кошалиев.

Анын маалыматы боюнча, ошондой эле «Мыкты айылдык мектеп», «Мыкты инновациялык мектеп» жана «Мыкты бала бакча» номинациялырынын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Эскерте кетсек, өлкөнүн бир катар облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 2017-жылдын жазында мыкты мугалимдер аныкталган.

Облустук жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн Билим АКИpress сайтына 15-майда областтык билим берүү борборлорунан беришкен. Анда, мыкты деп табылган:

Бишкек - Вера Олеговна Черненко, №37 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими

Ош - Айжан Абдувапова, «Жетиген» мектебинин химия мугалими;

Баткен обласу — Кубатбек Сайтурганович Сакалов, Баткен районунун Кайыңды айылындагы Турусбеков атындагы мектептин тарых мугалими;

Ош облусу — Чинара Нурманова, Ноокат районунун Айбашов атындагы мектептин тарых мугалими;

Жалал-Абад облусу — Улан Мамашович Уметов, Ноокен районундагы Ш.Сүйөркулов атындагы мектептин химия мугалими;

Талас облусу - Рахат Руслановна Абдразакова, Талас районунун Ак-Сай айылындагы Шабданбек Жумагулов атындагы «Манас» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Чүй облусу — Мырзагуль Тогузбаевна Аскарова, Аламүдүн районунун О.Турусматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин география мугалими;

Нарын облусу — Облустук «Жыл мугалими» сынагынын жеңүүчүсү 12-сентябрда аныкталат.

Ысык-Көл облусу — Облустук «Жыл мугалими» сынагынын жеңүүчүсү күзүндө аныкталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up