Жети-Өгүз районунда «Кыргыз элинин маданий мурастары» аттуу райондук семинар болуп өттү

Жети-Өгүз районунда «Кыргыз элинин маданий мурастары» аттуу райондук семинар болуп өттү

Билим АКИpress - 21-сентябрда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда «Адеп, ыйман жана маданият» жылына карата мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы музей жетекчилери үчүн «Кыргыз элинин маданий мурастары» аттуу райондук семинар болуп өттү.

Семинар Аӊ-Өстөн айылынын Ы.Сооронбаев атындагы орто мектебинин баазасында өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө «Тамыры болбой жер болбойт, тарыхы болбой эл болбойт» аттуу Аӊ-Өстөн айылынын санжырасы, «Кыргыз элинин маданий мурасы», айылдагы баатыр энелер жөнүндө «Бейиш төрү эненин таман алдында» аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү.

«Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот» деген аталыштагы мастер-классы болуп, семинардын катышуучулары өз колдору менен жаргылчак тартышып, ун талканын илгерки элек менен элешти. Соку менен сок билектин жаралыш тарыхы жөнүндө кеӊири маалымат алып, арпа күйшөп көрүштү. Бадырактын ден соолукка пайдалуу экендигин билишти. Шоона ийрип, аны ийнеге саптап, шырдактын жээгин бастырып, шырдак шырышты.

Музей кеӊешиндеги окуучулар табылгаларды казып алуу тартиби жана коопсуздук эрежелери тууралуу практикалык иш көрсөтүштү.

Жети-Өгүз районунда музейлердин жалпы саны 26. Анын ичинен экөө бала бакчада иштеп жатат. 2017-2018-окуу жылында төрт музей ачылганы турат, анын экөө бала бакчаныкы.

Райондук семинар абдан кызыктуу болуп, катышкандар кеңири маалымат алгандарын белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up