Бишкекте Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар болуп өттү

Билим АКИpress - Калаадагы Борбордоштурулган китепканалык системасында Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тил-улуттун түгөнгүс кенчи» аттуу иш-чара болуп өттү.

Көп сандаган коноктор кыргыз тилине тиешелүү талкууларга активдүү катышты.

«Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов эне тилди колдоп сөз сүйлөдү жана биздин мекендештер жашаган чет өлкөлөргө баргандагы таасирлери менен бөлүштү. Ал азыркы учурда тилди сактап калуу өтө маанилүү экендигин белгилеп кетти. Анын сөзүн манасчы Бактыяр Макулбеков «Манас» эпосу тууралуу өзүнүн түшүнүгүндө келген меймандарга кыргыз тилинин бай экенин жана уккулуктуулугун көрсөтүү менен ырастады.

Андан ары викторинада уюштуруучулар кыргыз тилин билүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Иш-чара позитивдүү нотада аяктады. Бардык катышуучулар жагымдуу жана жемиштүү өткөрүлгөн убакыт үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up