ОшМУда карылыр күнүнө карата түрдүү иш-чаралар уюштурулууда

Билим АКИpress - 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде бир топ иш-чаралар белгиленип, уюштурулууда.

30–сентябрь күнү университеттин жамаатынын атынан профсоюз уюмунун орун басары Э.Рысалиев Ош шаарындагы бир топ ардагерлердин ал-акыбалынан кабар алып, университеттин атынан 2000 сомдон материалдык колдоолорун көрсөтүп келди.

Ошондой эле университеттин бардык факультет, колледждеринде улгайган адамдардын күнүнө карата түрдүү кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулду, студенттер кайрымдуулук иш чарадан түшкөн каражаттарга атайын белектерди, тамак-аш азыктарын алышып шаардагы карыялар үйүнөн кабар алышты.

Ал эми бүгүн, 2-октябрь күнү, университетте эмгектенип жаткан жана эмгектенген ардагер ага-эжелерге сый көрсөтүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up