Караколдо Мугалимдер күнү белгиленип, ЖКнын депутаты байгелердин демөөрчүсү болду

Караколдо Мугалимдер күнү белгиленип, ЖКнын депутаты байгелердин демөөрчүсү болду

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына Каракол шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы Вера Апышева маалымдады.

Анын сөзү боюнча, майрамдын урматына билим берүү мекемеленинин бир катар кызматкерлери Ардак грамоталары жана белектер менен сыйланышты.

Ошентип, жаш мугалим Улукбек Торгоев ноутбукка ээ болду. Ал былтыркы жылдан бери Каракол шаарындагы №2 орто мектебинде мугалим жана завуч болуп эмгектенерин шаардык Билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Шаардагы эң чоң №5 бала бакчага түстүү сыналгы берилди. Ал эми №9 орто мектеби компьютерлүү болду. Бардык аталган белектерди өзүнүн каражаттарына Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан депутаты алып келип бергенин Вера Апышова маалымдады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up