ЖКнын төрагасы Ч.Турсунбеков Жалал-Абаддагы 2 мектепти кыдырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

ЖКнын төрагасы Ч.Турсунбеков Жалал-Абаддагы 2 мектепти кыдырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков Сузак районундагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырды. Бул тууралуу Жкнын басма сөз кызматы билдирди.

Ч.Турсунбеков алгач Таштак айылында жайгашкан О.Муратов атындагы орто мектептен кабар алып, мугалимдер жамааты менен жолугушту. Жогорку Кеңеш төрагасы мектеп имаратынын авариялык абалда экендигине байланыштуу жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгуу керектигин белгилеп, тиешелүү министрликтерге тапшыра тургандыгын айтты.

Мындан тышкары, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган Чыныбай Турсунбеков: «Мугалим - мөмөлүү дарак. Баарыбызды ушул даражага жеткирген мугалимдердин асыл эмгеги эч нерсеге тең келбейт», – деди. Ошондой эле төраганын резервдик фондунан материалдык жардам тапшырып, алдыңкы мугалими Гүлсайра Аргенбаевага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын ыйгарды.

Андан соң М.Хакимов атындагы №2 «Дом-Ата» атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен кабар алды. Белгилүү болгондой аталган мектепте бардык заманбап шарттар каралып, окутуу ыкмасы жаңы технологиялар менен камсыздалган. Буга жогору баасын берген төрага Чыныбай Турсунбеков: «Мектебиңер районго эле эмес, республикага үлгү болчу мектеп экен. Ал тургай музейиңерде да кыргыз тарыхынын урунтуу учурларына тиешелүү материалдардын бар экенине күбө болдук. Билим берүүдөн тышкары, окуучуларды кол эмгегине да үйрөтүп жатканыңар да мактоого татырлык. Буюрса ушул мектептен Кыргызстанды өнүктүрүп, өлкөнү сыймыктандыра турган инсандар өсүп чыгат деген ишеничтемин», – деди.

Чыныбай Турсунбеков мугалимдер жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, материалдык жардам тапшырып, аталган үлгүлүү мектептин директору Гүлнара Юлдашеваны Жогорку Кеңештин атайын кол сааты менен сыйлады.

Андан ары төраганын иш сапары Сузак аймактык ооруканасынын кардиология бөлүмүндө уланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up