Жети-Өгүздө жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулукка каршы райондук иш-чара өткөрүлдү

Билим АКИpress - 2017-жылдын 2-октябрында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын маданият үйүндө жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулукка каршы «Балдарга карата ырайымсыз мамилелерге жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү» аттуу райондук иш-чара өткөрүлдү.

Семинарга РМА башчысы-акимдин орун басары Р.Исакова, РБББ башчысы С.Чекирова, РИИБ ЖӨмИИ начальниги А.Жакшылыкова, райондук эмгек жана өнүгүү башкармалыгынын башчысы С.Абдыкалыков, дин кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, райондун мектептеринин социалдык окутуучулары, класс жетекчилери катышып, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды күчөтүү боюнча ой-пикирлерин ортого салышты.

Семинардын аягында резолюция кабыл алынды.

 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up