Өз өмүрүнө кол салган 5-класстын окуучусу жакшы окуп, активист болчу, ал эмнеден улам асынып алгандыгы белгисиз, - райондук билим берүү бөлүмү

Өз өмүрүнө кол салган 5-класстын окуучусу жакшы окуп, активист болчу, ал эмнеден улам асынып алгандыгы белгисиз, - райондук билим берүү бөлүмү

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун билим берүү бөлүмүнөн 11-октябрда 5-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салган кырдаалга түшүндүрмө беришти. 10-октябрда Turmush порталы Казыбек айылында 5-класстын окуучусу С.М. 8-октябрь (жекшемби) күнү кечинде белгисиз себептерден улам мончодо асынып алганын маалымдаган.

Билим АКИpress сайтына белгилүү болгондой, аталган кырдаал боюнча райондун укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш жүргүзүшкөн. Мектептин директору, социалдык педагог жана класс жетекчиси 11 жаштагы кызга түшүнүк кат менен мүнөздөмө жазышкан.

Ал жакта С.М. жоош, токтоо кыз болуп, жалаң «5» деген баага окугандыгы, класста «маданият министри» болуп, классташтар менен пикир келишпестиктери болбогондугу, сабакты калтырбай, ар дайым даярданып келгендиги жана мектептин бардык маданий иш-чараларына катышып жүргөндүгү жазылган.

Кыздын ата-энеси мектепке эч кандай дооматы жок экендигин жазышкан. «Окуучу кыздын жаш ата-энесинин сөзүнө караганда, алар эмнеден улам кызы өзүнө өзү кол салганын билишпейт. Алар кыздын эч кимге таарынычы болбогонун, мектептен кадимкийдей эле келгенин жана алар кызы асынып алат деп эч ойлобогондугун айтышты. Бышыктап сураганга бизге да ыңгайлуу болгон жок, анткени аларда азыр күйүт. Ошондуктан азырынча маалымат ушул гана», - дешти райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up