Жети-Өгүз районунда окуучулар арасында көркөм окуу сынагы өткөрүлдү

Жети-Өгүз районунда окуучулар арасында көркөм окуу сынагы өткөрүлдү

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо, кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, маданий-тарыхый мурастарын, «Манас» эпосун даңазалоо максатында 1 айлыктын алкагында райондук билим берүү бөлүм көркөм окуу сынагын жарыялаган жана «Эне тилим-эне сүтүм» деген темада көркөм окуу сынагы өткөрүлдү.

Сынак 2 тур менен өткөрүлүп, эне тил, мекен, Манас темасындагы ырлар жана тексттер көркөм айтылды.

Сынактын райондук туру 2017-жылдын 11-октябрында С.Сыдыков атындагы орто мектебинин базасында өттү.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

7-10 жаштагы окуучулар арасында К.Саалиев атындагы орто мектебинин окуучусу Касымбаева Айзада

11-14 жаштагы окуучулар арасында Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбекова Нуриза

15-17 жаштагы окуучулар арасында Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Садыков Акназ

Мындан тышкары, «Мыкты текст «, «Мыкты көркөм айтуучу» номинациялары ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up