7-класстын окуучусу Кыргызстандын өнүгүшү тууралуу дилбаян жазып жиберип, А.Атамбаевдин белегине ээ болду (фото)

7-класстын окуучусу Кыргызстандын өнүгүшү тууралуу дилбаян жазып жиберип, А.Атамбаевдин белегине ээ болду (фото) — Билим АКИpress

Билим АКИpress - №38 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Ислам Никибаев Кыргызстандын өнүгүшү тууралуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге дилбаян жазып жиберип, президенттин белегине ээ болду. Бул тууралуу 12-октябрда Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.

Акимиаттын маалыматы боюнча, окуучуга райондун акими Самарбек Болотбеков А.Атамбаевдин атынан ноутбук тапшырды.

«Былтыр Кыргызстандын элчилиги тарабынан Малайзияда «Кыргызстан өнүгө берсин» темасында мыкты дилбаян сынагы жарыяланган. Ага №38 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Ислам Никибаев катышып, тилекке каршы, жеңишке жетпей калган. Ал башын жерге салбастан, өзүнүн дилбаянын президентке кат аркылуу жиберген. Бүгүн, ошентип, өзүнүн туулган күнүндө ал мамлекет башчыдан ноутбук жана бекем ден соолук, окудагы ийликтерди каалоосун алды», - деп билдириштим акимиаттан.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up