Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында ФИФАнын Футбол академиясын ачты (фото)

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарында ФИФАнын Футбол академиясын ачуу аземине катышты.

Ош шаарында Футбол академиясын ачуу тууралуу айтып келип, президент Алмазбек Атамбаев бул жерде Бразилиядан келген машыктыруучулар иштеп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Маалымдама: ФИФАнын Футбол академиясында бир учурда 100 балага чейин жайгашып жана жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андан тышкары, Футбол академиясында теориялык билим берүүчү атайын жабдуулар менен жабдылган окуу класстары, ашкана жана эс алуу бөлмөлөрү, кызматкерлер жана Академиянын машыктыруучулары үчүн административдик жайлар бар.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up