Бишкектин бала бакчасынан кичинекей бала кетип калып, жарым сааттан кийин көчөдөн табылды

Бишкектин бала бакчасынан кичинекей бала кетип калып, жарым сааттан кийин көчөдөн табылды — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №107 бала бакчадан 12-октябрда кичинекей бала жоголуп кеткен. Анын жок экендиги апасы алып кеткени келгенден кийин билинген. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына баланын апасы билдирди.

Анын сөзүнө караганда, көчөдө адашып кеткен баланы бир кыз таап алып, милицияга билдирген. Бирок, бала бакчадан бул маалыматты жокко чыгарышып, бала жоголгон эмес дешүүдө.

«Кечинде №107 бала бакчадан бадамды алып кетейин дегем. Келсем ал жок экен. Тарбиячы анын кайда экенин билбейт болчу. Биз жарым саат издедик, балам жок. Ал кичи группага барат. Аны жарым сааттан кийин табышты. Ал жолдон, андан ары кесилиштен жалгыз өтүптүр. Жанынан балдары менен өтүп бараткан кыздын артынан бара бериптир. Кыз баланын жоголуп кеткенин түшүнүп, 102ге чалган. Бул кызга ыраазычылыгымды билдиргим келет. Билим берүү министрлигинен бул маселени чүчүүсүн суранам», - деп жазып жибирди редакцияга баланын апасы.

«Бизде бала жоголгон эмес, бул жалган. Аны жарым саат эмес, 15 мүнөт эле издешкен. Жана да бала жалгыз эмес, ата-энелердин бири менен болгон», - деп бала бакчадан айтышты да, телефонду коюп коюшту.

Калаа билим берүү башкармалыгынан бала бакчанын башчысына шилтеме менен апасы баласын өзү жоготуп алганын маалымдышты — ал бала бакчадан баласын алып кеткен, жолдо карай башка баланын ата-энеси менен сүйлөшүп жатып, ошол учурда баласы коңшу соода павильонуна чуркап кеткенин байкабай калган жана бала бакчага кайра барды деген ой менен ошол жактан издеп баштаган.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up