Ысык-Ата районунун Түз айылында кыска мөөнөттө болуучу бала бакча ачылды

Ысык-Ата районунун Түз айылында кыска мөөнөттө болуучу бала бакча ачылды

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Түз айылында кыска мөөнөттө болуучу бала бакча ачылганын 13-октябрда Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банктын жана КР Билим берүү жана илим министерлигинин «КРдагы мектепке чейинки билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү мекемеси 3 жаштан 6 жашка чейинки 100дөн ашуун баланы кабыл алат.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

«Жергиликтүү бийлик органдары менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен күч-аракетинин аркасында балдарда бала бакчага барып, зарыл болгон билимди алуу жана теңтуштары менен ойноп, маек куруу мүмкүнчүлүгү пайда болду», - деп белгиледи айыл өкмөт башчысы Алмаз Мусакожоев.

Бала бакча ачык түстөгү жана ыңгайлуу эмеректер, окуу-методикалык колдонмолор, оюнчуктар менен жабдылып, анын аймагына оюн ачнтчасы орнотулду.

Бала бакчанын ачылышында балдар конокторго чакан концерт тартуулашып, ырларды айтышты, ырдашты жана бийлешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up