КТМУ менен КЭР нефти университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү

КТМУ менен КЭР нефти университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Кытай Эл Республикасынын нефти университетинин проректору Хиао Лей, Табигый илимдер факультетинин деканы Ху Чанглианг жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн өкүлү Ли Лингун мырзалар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору профессор Себахаттин Балжы жана проректор, профессор Анварбек Мокеев, проректор, профессор Хусейин ϴгүт менен жолугушту.

Жолугушууда КЭР нфти университетинин өкүлдөрү Орто Азия университеттер биримдигине мүчө болуу ниетин жана биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин билдиришти. Андан соң окуу жайлар ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Жолугушуудан кийин Кытай мунай университетинин өкүлдөрү КТМУнун археологиялык музейи менен таанышты.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up