Нарын мамлекеттик университетинин Илимий китепканасына экскурсиялар уюштурулду

Нарын мамлекеттик университетинин Илимий китепканасына экскурсиялар уюштурулду — Билим АКИpress

Билим АКИpress - 2017-жылдын 3-10-октябрында Нарын мамлекеттик университетинин Ж.Саалаев атындагы Илимий китепканасында экскурсиялар уюштурулду. Аталган университеттин Педагогика, Агрардык-техникалык, Экономика, бизнес жана башкаруу, Филология факультеттеринин, Педагогикалык, Агрардык-экономикалык колледждердин 1-курсунун студенттери катышты.

Илимий китепкананын директору Г.Кыдыралиева экскурсиянын максаты менен тааныштырды. Ошондой эле китепкана тууралуу слайд кѳрсѳтүлүп, китеп фондунун жайгашуусу, китепканадан пайдалануу жана систематикалык алфавиттик каталогдорду колдонуу эрежелери менен таанышты. Окуу залдарынан, абонементтен материалды пайдалануунун тартиби жѳнүндѳ толук маалымат алышты. Китепканадагы электрондук залдын ишмердүүлүгү тууралуу жана электрондук ресурстар боюнча кызматкерлер кеӊири тааныштырды.

Белгилей кетсек, азыркы учурда китеп фонду 94 миң 471 нуска китепти түзѳт. Китепканада билим жана маалымат алууда бардык шарттар түзүлгѳн.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up