Фото — Премьер-министр С.Исаков Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты жана студенттери менен жолукту

Фото — Премьер-министр С.Исаков Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты жана студенттери менен жолукту — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл обласуна болгон иш сапарынын алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты жана студенттери менен жолукту.

Университеттин жамааты жана студенттер менен болгон жолугушууну өкмөт башчы жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду эскерүү менен баштады. Ал Темир Жумакадыров адамгерчиликтүү жана кесипкөйлүк сапаттары менен айрымаланганын, «Таза-Коом» долбоорунун бир катар маанилүү компоненттерин ишке ашырууда активдүү киришкенин жана укук коргоо органдарынын системасын реформалоодо, коррупция менен күрөшүүдө, ошондой эле жарандардын коопсуздугун жогорулатууда чоң салымын кошуп кеткендигин белгиледи.

Премьер-министр өлкөнүн бардык аймактарына болгон сапарында жогорку окуу жайларга кайрылып, студенттер менен жолугушуп баарлашууга арекет кыларын, мындай жолугушуулардын жүрүшүндө коомчулуктун көптөгөн көйгөйлөрү чыгарын белгиледи.

Жолугушуу убагында премьер-министр өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасы жөнүндө айтып жана ал максималдуу түрдө жеткиликтүү иштелип чыгып, өлкөнүн шартына ылайыкталганын белгиледи.

«Программанын ар бир кадамы өлкөнүн жашоо-тиричилигинин тигил же бул чөйрөсүн камтыйт. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишмердигин санариптештиртүү жана жалпы маалымат байланышын өнүктүрүү маселесине көбүрөөк көңүл бурулду. Электрондук иш кагаздарды киргизүү, маалыматтар менен бөлүшүү жана чечим кабыл алуу ыкчамдыгын жогорулатуудан тышкары, жылына 20 миң тонна кагазды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпысынан өлкөнүн толук түрдө санарипке өтүүсү ИДПнын (ички дүң продуктыларынын) көлөмүн 3% көбөйтөт. Студенттер биздин коомдун эң эле өнүктүрүүчү бөлүгү болгонун эске алып, коюлган максаттырга жетүүдө сиздердин активдүү катышууңуздарга ишеним артам», – деп баса белгиледи ал.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up