Чоң-Алай районунда усулчулар менен жаш адистердин жолугушуусу өттү

Билим АКИpress - 2017-жылдын 13-октябрь күнү Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук канаасынын адистери (усулчулар) тарабынан мектептерде жана бала бакчаларда жаңыдан эмгек жолун баштаган жаш адистер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга мектептерден 46 жаш мугалим, ал эми балдар бакчаларынан 19 тарбиячы-мугалимдер катышты. Иш-чаранын программасына ылайык, жолугушууну Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Бактыбаев ОЗУ ачып берип, жаш кадрларга райондук билим берүү бөлүмүнүн алдына койгон максат жана милдеттери, аларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык пландар, жаш адистерге коюлуп жаткан талаптар боюнча катышуучулар менен пикир алмашты.

Андан сон усулчулар тарабынан окуу тарбия иштерин жана өркүндөтүү боюнча иш-аракеттердин жүргүзүлүшү жана иш милдеттери, билим берүү системасындагы мамлекеттик стандарттар, окутуунун усулдары жана аларды колдонуу, мугалим менен окуучунун ортосундагы түшүнүүчүлүк мамилени калыптандыруу, баалоо системасы жана башка темалардын алкагында жаш мугалимдерге маалымат берилип, усулдук жардамдар көрсөтүлдү.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up