Ош облусунун кол өнөрчүлүк мугалимдерине семинар өркөрүлдү

Ош облусунун кол өнөрчүлүк мугалимдерине семинар өркөрүлдү

Билим АКИpress - Быйылкы «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун иш планынын негизинде Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун көркөм кол өнөрчүлүк багытындагы ийрим мугалимдеринин иш тажрыйбасын облустук денгээлде жайылтуу максатында 2017-жылдын 17-октябрында Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун базасында «Өнөрлүү адам жаратман» аттуу облустук семинар болуп өттү.

Семинарды ОБЧБнын директору Р.Назаров ачып берди. Андан соң «Мыкты ийрим мугалими-2017» республикалык сынагынын катышуучусу, Өзгөн райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Дизайнер» ийриминин мугалими Көчкөнбева Жумагүл республикалык сынакка катышканы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу кенен маалымат берди.

Ал эми «Чебер» колдор ийриминин мугалими Жороева Бүбүкатча «Кагаздан кутуча жасоо» аттуу мастер-классын жалпы катышуучуларга кызыктуу, маңыздуу жана сиңимдуу кылып өтүп бере алды.

«Жыгач менен иштөө» ийриминин мугалими Надиров Арстан «Жыгач таарындысынан сувенир жасоо» аттуу мастер-класс өттү.

Облустук семинарга райшаардык БЧБнын көркөм кол өнөрчүлүк багытындагы 35 ийрим мугалими катышышты. Жалпы катышуучулар өтүлгөн мастер-класстарга баа беришип, жакшы каалоо-тилектерин билдирүү менен бирге иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү.

Ошондой эле ОБЧБнын директору тарабынан грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up