Депутат өкмөттөн академик Б.Орузбаеванын урматына иш-чараларды өткөрүүнү суранууда

Депутат өкмөттөн академик Б.Орузбаеванын урматына иш-чараларды өткөрүүнү суранууда

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров («Республика — Ата-Журт») өкмөттөн академик Бүбүйна Ороубаеванын урматына иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну суранууда.

Ал 19-октябрда жыйында айткан сөзү боюнча, парламентте кыргыз тилин өнүктүрүү жана сактоо боюнча сунуштар көп айтылат. Бирок, ушул кезге чейин кыргыз тилине түздөн-түз тиешеси бар адамдын урматына бир дагы иш-чара өткөрүлгөн жок.

«Бүбүйна Орузбаева — 200 илимий эмгектин, 20 монографиянын, сөздүктөрдүн автору. Ал көп жолу эл аралык түркологиялык конгресске катышып, анын мүчөсү болгон. Ал 2013-жылы дүйнөдөн кайткан. Бирок биз ага сый көрсөткөн жокпуз. Анын эмгеги сыйлыкка татыган жок. Өкмөт бул маселени карап чыксын, Ысык-Көлдүн тургундары сурашууда», - деди депутат.

Академик 1924-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жарык дүйнөгө келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up