Өзгөн шаарында археологиялык эстеликтер боюнча семинар өтөт

Өзгөн шаарында археологиялык эстеликтер боюнча семинар өтөт

Билим АКИpress - Өзгөн шаарында 25-октябрдан 30-октябрга чейин «Сыр-Дарыя башындагы археологиялык объектилерди документтештирүү: Өзгөн шаары жана Өзгөн оазиси, Ала-Бука районундагы «Сафид-Булан» комплекси» аталышындагы үйрөтүүчү семинар өтөт. Бул тууралуу Улуттук Илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Үчүнчү жолу өтө турган семинарда уюштуруучулар жогоруда аталган археологиялык комплекстердин маданий жана жаратылыштык компоненттерин аныктоого, ошондой эле объектилердин менеджменттик маселелерине жана мониторингине өзгөчө көңүл бурууну максат кылышууда. Андан сырткары, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген катышуучулар менен биргеликте Улуу Жибек Жолундагы Фергана өрөөнүндө жайгашкан объектилерди болжолдуу гармоналдаштыруудан өткөрүү планын дагы коюшууда.

Кыргызстан Өзгөндөгү жана Ош областынын жакынкы райондорундагы эстеликтерди, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Сафид-Булан (Шах-Фазиль) комплексин «Улуу Жибек Жолунун» Бүткүл дүйнөлүк улуттар аралык номинациясы менен №Фергана-Сыр-Дарья коридору» форматында ЮНЕСКОнун маданий жана жаратылыш мурасынын тизмесине номинант катары көрсөтөт. Учурда аталган эстеликтер ЮНЕСКОнун болжолдуу тизмесине кошулган.

Семинарды УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан боюнча (Алмата, Казакстан) ЮНЕСКОнун Кластердик Бюросу жана «Маданий мурас борбору» (Бишкек, Кыргызстан) уюштурууда.

Семинардын өтүүчү дареги: Өзгөн шаары, Өзгөн райондук администрациясынын имараты.

Катышуучуларды каттоо 25-октябрда 09:15те башталат. Катышуу акысыз.

Суроолор боюнча төмөндөгү телефондорго кайрылууга болот: 0(555) 695 404 (Кольченко Валерий, Тарых жана маданий мурас институту).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up